super.kg logo

Ала-Тоо аянтындагы "Түндүк жарыгы" жарманкесинде от жагууга тыюу салынды

 

Ала-Тоо аянтындагы "Түндүк жарыгы" жарманкесинде от жагууга тыюу салынды.

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экология жана техникалык көзөмөл кызматы маалымдагандай, рейд учурунда Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында мыйзамсыз уюштурулган от жагуу фактысы катталып, тиешелүү чаралар көрүлдү. Аталган мыйзам бузуу үчүн Укук бузуулар кодексинин 230-беренесинин негизинде күнөөлүү тарапка 28 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, мыйзам бузган тараптан от жагууну 29-декабрдан тартып толук токтотуу боюнча кепилдик каты алынды.
Экология жана техникалык көзөмөл кызматы айлана-чөйрөнү коргоо жана коомдук тартипти сактоо багытындагы көзөмөл иш-чараларын мындан ары да күчөтөт. Жарандарды экологиялык талаптарды жана мыйзам нормаларын так сактоого чакырат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: