Бишкекте Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык оор атлетика турнири жыйынтыкталды
Бишкек шаарында өткөн Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган XXXVII эл аралык оор атлетика турнири ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжан өлкөлөрүнөн келген 141 спортчу катышып, ар бир салмак категориясында күч сынашты.
Эркектер арасында чемпиондор:
60 килограмм — Эрнис Бактыбеков (Кыргызстан);
65 килограмм — Сайрамкез Акмолда (Казакстан);
71 килограмм — Сергей Денисенко (Кыргызстан);
79 килограмм — Петр Хребтов (Казакстан);
88 килограмм — Элибек Рахымберди (Казакстан);
94 килограмм — Фарух Шокиржанов (Кыргызстан);
110 килограмм — Нурмухаммед Касенов (Кыргызстан);
+110 килограмм — Элнур Сатылбаев (Кыргызстан).
Аялдар арасында чемпиондор:
48 килограмм — Бегимай Абдыгазиева (Кыргызстан);
53 килограмм — Айдай Курбанбек кызы (Кыргызстан);
58 килограмм — Айдай Амангелдиева (Кыргызстан);
63 килограмм — Динара Ибрагимли (Азербайжан);
69 килограмм — Саида Мамбетказиева (Кыргызстан);
77 килограмм — Аянат Жумагали (Казакстан);
86 килограмм — Сания Орманбаева (Казакстан);
+86 килограмм — Акерке Байманап (Казакстан).
Турнир оор атлетиканы өнүктүрүүгө, эл аралык спорттук кызматташтыкты бекемдөөгө жана жаштарды спортко тартууга чоң салым кошту.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















