super.kg logo

Президенттин жана УКМК төрагасынын атына жамынып алдамчылык кылган жаран кармалды

 

Президент жана УКМК төрагасы менен жакын үй-бүлөлүк мамилеси бар экенин шылтоо кылып, башка бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда атайын кызматтын маалымат борбору билдирди.

Тергөөнүн алдын ала маалыматына ылайык, шектүү жаран базар баасы болжол менен 65 миң долларды түзгөн 2022-жылы чыгарылган Toyota Tundra үлгүсүндөгү унааны жана 15 миң долларга бааланган 2011-жылкы Mercedes-Benz A-class унаасын алдап өзүнө каттаткан.

Мыйзамдуу ээси унааларды кайтарып берүүнү талап кылганда, С.У. физикалык коркутууларды колдонуп, ошондой эле республиканын жогорку жетекчилиги менен болгон байланыштарын жүйө келтирип, мүлктү кайтарып берүүдөн баш тарткан. Мындан тышкары, жолугушуулар учурунда ал ар кандай маселелерди чечип бере ала турган мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтып, өлкө жетекчилигинин үй-бүлөлүк сүрөттөрүн көрсөтүү аркылуу сөздөрүн далилдөөгө аракет кылган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Анын алкагында С.У. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынан кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: