Орунбеков "Кумтөрдүн" кирешеси 2025-жылы 124,2 миллиард сомду түзгөндүгүн билдирди
"Кумтөр" ишканасынын кирешеси 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 124 миллирад 216 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасында билдирди.Анын айтымында, жыл соңуна чейин алтын өндүрүүнүн көлөмү 12 тоннага жетет.
"Мына ушул кирешелер мамлекетибиздин казынасына түшүп, элдин кызыкчылыгына жумшалып жатат. "Кумтөргө" чет элдик компания ээлик кылган жылдары 410 тоннадан ашык алтын казылып чыгып кеткен. Анын ичинде күмүш жана башка баалуу металлдары канча?! Ошол 410 тонна алтындын баасын өзүңүздөр санап көрүңүздөрчү... Чет элдик компания иштеткен 29 жылда – Кыргызстан алган үлүштүк (дивиденд) кирешенин баарын кошкондо, болгону 101 миллион доллар болгон. Быйыл бир жылдык эле үлүштүк кирешебиз 150 миллион доллар болуп жатат. Жыл ичиндеги жалпы кирешебиз доллар менен санаганда – 1 миллиард 420 миллион доллардан ашты.
Эмне дейбиз, ушул байлыктар элибизге буюрсун, мамлекетибиздин жакшылыктарына жумшалсын!",- деп жазды Орунбеков.
Ал бул оомат президент Садыр Жапаровдун кайрат-күчүн жумшап, ал үчүн оор азаптарды башынан кечирген эмгегинин натыйжасы экенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















