Догдуркүл Кендирбаева: "Элдин эсебинен стипендия алып окугандар Кыргызстанга келип иштеши керек"
Эл үмүтү катары стипендия алып чет өлкөдө билим алып жаткандар өлкөгө кайтышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Министр 12 жылдык билим берүү системи кирип жатканда чет жакта практикалык тажрыйбасы бар адамдар өлкөгө керектигин айтты.
"Биз сыртта окуган, жаңычыл көз караштагы кадрларды өзүбүзгө тартууга абдан кызыкдарбыз. Керек болсо мамлекеттин, элдин эсебинен эл үмүтү катары стипендия алып окуп жаткандар Кыргызстанга келип иштеши керек. Биз аларды чакырдык, бирок келише элек. Мен алардын аты-жөнүн айтып уяткаргым келбейт. Айрымдары бизден дообуз жок деп кагаз жазып бергилечи деп суранды. Биз андай нерсе жазып берген жокпуз. Анткени бул мамлекет алдындагы абийир жана жоопкерчилик.
Экинчиден, ошол эле учурда башка өлкөдө педагогикалык кесипте иштеген кадрды министрдин орун басары кызматына чейин чакырдым. Сиз каалаган реформаны, эксперттик көз караштарды тыштан жүрүп айтпай, ичине келип иштеп, тажрыйбаңыз менен бөлүшүңүз десем, келген жок. Анткени ал жакта айлык көп дейт. Президент да айтты, келген жок.
Бул жакта социалдык ипотека да берилип, айлык да көбөйөт эле. Кээ бири айтат Кыргызстанда стабилдүүлүк, биз барып иштегенде кепилдик жок деп. Мен айтат элем, стабилдүүлүк болгондо алардын деле кереги жок болуп калат. Бирок ошого карабастан биздин резерв кадрга катышкан мекендештерден келип иштегендери бар. Алар Германияда жүргөн Канжарбек деген жигит биздеги резервге өтүп агартуу министрлигинде иштеп жүрдү. Азыр илим, жогорку окуу жайлар жана инновациялар министрлигинде адис болуп иштеп жүрөт.
Биздин эшик дайыма ачык. Айрыкча 12 жылдык билим берүү системи кирип жатканда чет жакта практикалык тажрыйбасы бар адамдар керек. Президентибиз да улуттук жаңы муундагы кадрларды даярдоо системин түзөлү деп айтты. Бул "Акылман мектептерин" бардык республикада ачуу. Анткени ал мектепте окуйм деген балдардын саны көп. Бир мектеп эмес, ар бир жерде бирден мектеп ачуу боюнча тапшырма берилип, биз анын үстүндө иштеп жатабыз. Айлыктары да жогору дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүү түйүнү түзүлөт, каалоочуларга эшик ачык. Анткени мамлекетке кызмат өтөөдөн артык ыйык нерсе жок го деп ойлойм. Бүт акчанын түбүнө түшүп жыйнай албайсың, баалуулуктарды да өгөртө турган мезгил келди",- деди Кендирбаева.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















