Ташиевдин текшерүүсүнөн кийин транспорт министри 4 жетекчиге сөгүш берди
Бүгүн, 29-декабрда транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин төрагалыгы алдында кезектеги аппараттык жыйын болуп өттү.Министрлик кабарлагандай, отурумда Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол унаа жолунун курулушу боюнча маселе каралып, транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары, жол чарба департаментинин директору, "Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын директору, "Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басарына сөгүш берилген.
Сыргабаев жумушун так аткара албагандар кызматынан алынарын айтты.
Эске салсак, 27-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы унаа жолдун курулушу боюнча жыйын өткөргөн.
Ташиевдин текшерүүсүнөн кийин министр бир катар жетекчилерге сөгүш берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















