super.kg logo

Жаңы жыл күнү 12 миңден ашык милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт 

 
Жаңы жыл күнү 12 миңден ашуун милиция кызматкери коопсуздукту камсыз кылат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өздүк курамдын кызмат өтөөгө даярдыгын текшерүү максатында Ички иштер министринин биринчи орун басары, орун басарлары өлкөнүн бардык аймактарында гарнизондук саптык кароолорду өткөрүштү. Алар облустарга барып, жеринде кызматтын уюштурулушун жана коюлган тапшырмалардын аткарылышын карап чыгышты.
"Ички иштер органдары жаңы жылдык майрамдардын тынч жана коопсуз өтүшүн камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө. Милициянын күчөтүлгөн наряддары жарандар көп чогулган жерлерде, көчөлөрдө жана коомдук жайларда кызмат өтөп, өлкөнүн ар бир тургуну жана коногу майрамды коопсуз шартта тосуп алышына аракет көрүшөт",- деп билдирген министрлик.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: