super.kg logo

Орусия Ирандын үч спутнигин космоско учурду (видео)

 

Орусия Ирандын үч спутнигин космоско ийгиликтүү учурду. Бул тууралуу 28-декабрда Reuters маалымдаганын "DW" агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Орусиянын "Союз" ракетасы ирандык "Косар", "Пая" жана "Зафар-2" спутниктерин учуруп, болжол менен 500 чакырым бийиктикке ийгиликтүү көтөрүлдү.

Иран тараптын маалыматына ылайык, учурулган спутниктер айлана-чөйрө тууралуу маалыматтарды чогултуу үчүн колдонулат. Бул маалыматттар айыл-чарбасында пайдаланылып, табигый кырсыктарды көзөмөлдөөгө жардам берет. Мурда Иран космоско бир нече спутник учурган. Өлкө бул программа тынчтык мүнөздө экенин, аскердик максатта колдонулбай турганын билдирип келет.

"Иран болгону технологияларын өнүктүрүп жатат, ал эми спутниктерди учуруу бул процесстин бир бөлүгү,"- деп билдирет өлкөнүн ички иштер министри Аббас Аракчи.

Ошол эле учурда Израил жана Батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ Ирандын бул спутниктик программасына тынчсыздануусун билдиришти. Алар Тегеран космостук технологияларды аскердик максатта колдонушу мүмкүн деп кооптонушат.






Орусия Ирандын үч спутнигин космоско учурду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: