Ошто жол эрежелерин көзөмөлдөгөн борбор ишке берилди
Бүгүн, 29-декабрда Ош шаарында Милициянын кайгуул кызматынын жол эрежелерин бузууларды көзөмөлдөгөн атайын борбору расмий түрдө ишке кирди.
Мэриянын маалымат бөлүмү билдиргендей, иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев, Ош ШИИБинин жетекчиси Дамирбек Исаков жана башка жетекчилер катышты.
Аталган долбоордун алкагында Ош шаарынын көчөлөрүнө жол эрежелерин жана укук бузууларды аныктоочу кошумча 70 даана заманбап видеокөзөмөл камерасы орнотулду. Мунун натыйжасында учурда шаар ичинде жалпы 125 камера туруктуу иштеп баштады.
"Жаңы борбор жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, жол эрежесин бузган учурларды автоматтык түрдө аныктоого жана жалпы коомдук тартипти көзөмөлдөөгө багытталган. Бул Ош шаарындагы санариптештирүү жана коопсуздукту камсыздоо багытындагы маанилүү кадамдардын бири",- деп кошумчаланган маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















