super.kg logo

Актауда кулаган учак боюнча кылмыш ишинин токтотулушу Азербайжанда суроо жаратты

 

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Орусия тарап AZAL авиакомпаниясынын учагы менен болгон окуя боюнча кылмыш иши токтотулганын билдирген кат жөнөткөнүн айтты. Бул тууралуу Oxu.Az агенттиги маалымдады.

Анын айтымында, катта Азербайжан тарап үчүн олуттуу суроолорду жана таң калууну жараткан жагдайлар бар. Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин аталган иш токтотулганын билдирген. Буга жооп иретинде Азербайжандын тиешелүү органдары өз позициясын кеңири түрдө жөнөтүшкөн. Министр жакынкы аралыкта бул маселе такталарына үмүт артты.

Эскерте кетсек, 2024-жылы 25-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта ​​кулап түшкөн. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Анын ичинен 37си Азербайжандын жарандары. Мындан тышкары, 6 казакстандык, 3 кыргызстандык жана 16 орусиялык жаран бар болгон.

Учактагы 38 жүргүнчү каза болуп, 29 жаран, анын ичинен үчөөсү жаш балдар бейтапканага түрдүү жаракаттар менен жеткирилгендиги айтылган. Кыргызстандык жарандардын баары кыйроодон аман калышкан.

Ал эми жакында эле Казакстандын Транспорт министрлигинин отчётуна ылайык, жардыруучу заттардын изи табылган эмес, бирок учакка согуштук бөлүктүн элементтери зыян келтиргени айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: