Бала бакчадагы тамак-ашты ким төлөйт? Министрдин жообу
Мамлекет балдардын өнүгүүсүн жана социалдашуусун камсыз кылат, ал эми тамагы ата-энелердин жоопкерчилиги болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
"Көпчүлүк ата-энелер бала бакчалардагы тамак-аштын чыгымын мамлекет төлөп бериши керек деп айтышат. Бирок Бюджеттик кодекстин 12-беренесинде бул чыгымдар ата-энелердин эсебинен экени так көрсөтүлгөн. Мамлекет балдардын өнүгүүсүн, өсүшүн жана социалдашуусун камсыз кылат. Ал эми баланы тамактандыруу - ата-эненин ыйык милдети.
Жакырчылыктан чыгуу үчүн мамлекет тарабынан көптөгөн социалдык жөлөкпулдар, жумуш орундарын түзүүгө багытталган акчалай жардамдар берилип жатат. Бул каражаттар өз ишин баштап, жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал эми таптакыр тамак бере албаган, кароосуз калган балдарды мамлекет толук камсыздап, багып жатат.
Ата-энеси бар балдардын тамагы үчүн айына эки миң сомдон ашык төлөө чоң деле көйгөй жаратпайт деп эсептейм. Чындап муктаж болгон жарандардын маселесин мамлекет чечип берип жатат",- деди Кендирбаева.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















