Сууда калкып жүрөт. Дүйнөдөгү эң бийик балаты Бразилияда кооздолду
Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында дүйнөдөгү эң бийик жаңы жылдык балаты кооздолду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, балатынын бийиктиги 57 метрди түзөт. Анын дагы бир өзгөчөлүгү - суунун үстүндө калкып жүргөнү. Балаты укмуштуудай жарыктар менен кооздолуп, алыстан көрүнүп турат.
Мындай суу үстүндөгү балаты аталган шаарда дээрлик 30 жалдан бери орнотулуп келет. Эң алгач 1995-жылы орнотулган. Ошондой эле балаты Гиннестин рекорддор китебинде дүйнөдөгү эң узун калкып жүргөн балаты катары катталган. Жыл сайын бул уникалдуу майрамдык балаты жаңы дизайн менен жасалгаланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:08
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















