super.kg logo

Трамп менен Зеленский Орусия менен тынчтыкка жетүүдө олуттуу прогресс бар экенин билдиришти

 

АКШнын президенти Дональд Трамп жана Украинанын президенти Владимир Зеленский Флорида штатындагы Мар-а-Лаго резиденциясында өткөн үч сааттык сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусия менен тынчтыкка жетүү жолунда олуттуу прогресс бар экенин билдиришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Дональд Трамп жолугушууну "мыкты" деп атап, тараптар тынчтык келишиминин шарттарынын болжол менен 95 пайызы боюнча макулдашууга жетишкенин айтты. Анын сөзүнө караганда, азырынча чечилбей турган негизги маселе — Донбасс аймактарынын кимге таандык болору.

Владимир Зеленский болсо 20 пункттан турган тынчтык планы 90 пайызга, ал эми АКШ менен Украинанын ортосундагы коопсуздук кепилдиктери толук макулдашылганын билдирди. Анын айтымында, Украина үчүн негизги маселе — аймак эмес, коопсуздук кепилдиктери.

Зеленский тынчтык келишиминин айрым пункттары боюнча референдум өткөрүү мүмкүнчүлүгүн да жокко чыгарган жок. Тараптар жакынкы апталарда европалык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү улантарын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: