Социалдык контракттын алкагында 25 миңден ашык жумуш орундары түзүлдү
Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылы социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын өлчөмү 100 миң сомдон 150 миң сомго жогорулады.
Ал эми ушул жылы республика боюнча 13 331 жаран социалдык контракт түзүп, 150 миң сомдон көмөк алды. Анын алкагында үй-бүлө мүчөлөрүнүн материалдык абалын жакшыртууга, чакан бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
Бул жылы социалдык контракттын алкагында 13 964 жаңы жумуш орундар түзүлүп, 90 пайызын негизинен айыл жеринде жашаган аялдар түздү.
Социалдык контракттын катышуучулары бизнес долбоорлорун төмөнкү тармактарда ишке ашырууда:
- айыл-чарба багыты - 77,7 пайыз;
- кызмат көрсөтүү багыты – 8,9 пайыз;
- өндүрүш багыты – 7,3 пайыз;
- соода-сатык тармагы – 6,1 пайыз.
Ошондой эле, социалдык контракттын катышуучулары бекитилген бизнес-планга ылайык ишкердик демилгелерин андан ары өнүктүрүү үчүн үч жылдык мөөнөткө 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя алышууда.
2025-жылы республика боюнча 1 101 социалдык контракттын катышуучусу пайызсыз насыя алышты. Ошону менен бирге, аймактардын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максатында уюштурулган коомдук акы төлөнүүчү жумуштардын алкагында 10 716 жана жеке ассистент кызматынын негизинде 711 жаңы жумуш орундары түзүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















