super.kg logo

Бишкекте "Тазалыктын" кызматкерлерине жаңы атайын техникалар тапшырылды

 

Бүгүн, 29-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери үчүн салтанаттуу майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышып, кызматкерлерди келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады. Ал "Тазалык" ишканасынын кызматкерлерине ак ниет эмгеги жана борбор калаанын көрктөндүрүлүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле мэр ишкананын директоруна 20 даана жаңы адистештирилген техниканын ачкычтарын тапшырды. Анын айтымында, акыркы эки жылда ишканага жалпысынан 188 даана заманбап техника берилген.

Майрамдык иш-чарага "Тазалык" ишканасынын 1200гө жакын кызматкери катышып, коноктор үчүн концерттик программа уюштурулду. Иш-чаранын алкагында өзгөчөлөнгөн кызматкерлер сыйланышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: