super.kg logo
  Саясат  

Баткен жана Согди облусунун өкүлдөрү Баткен шаарында жолугушту

 

Бүгүн, 29-декабрда Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода Баткен шаарында жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн маалымдады.

Маалыматка ылайык, жолугушуу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына байланыштуу маселелер чечилгенден кийинки эки облустун келечек мамилелерин талкуулаган алгачкы жыйын болду.

Облус башчылары алгач буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын өлкө башчылары Садыр Жапаров менен Имомали Рахмондун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге кол койгону эки облустун мындан ары алакасын өнүктүрүүгө жол ачканын белгилешти.
Ал жерде Баткен жана Согди облустарынын элинин ынтымагын чыңдоо, карым-катнашын өнүктүрүү, чек аралаш аймактарда коомдук коопсуздукту сактоо жана социалдык-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгы менен эки тараптан тең алмашуу макулдашылган айыл аймактардын тургундарын көчүрүү иштеринин аякташы, эки тараптан тең өткөрүлүп берилүүчү жана өткөрүлүп алынуучу турак жай, социалдык объекттерди инвентаризациялоо жумуштарынын жыйынтыкталышы боюнча баарлашып, бул иш аракеттер түшүнүшүү маанайында ийгиликтүү ишке ашканын белгилешти.
Ошондой эле алдыда чек араны демаркациялоо иштеринин жүрүшүндө, чек ара сызыгын, короо жай, дарактардан, коммерциялык объекттерден тазалоо иштерин жүргүзүү, эл арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу боюнча иштер улантылаарын айтышты.
Жолугушуунун соңунда жетекчилер бири-бирин келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, жаңы жыл кыргыз-тажик элине ынтымак, биримдик тартуулаган, ар тараптуу кызматташууну өнүктүргөн, ийгиликтүү жыл болуусуна тилектештигин билдиришти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: