Бишкекте салттуу жаа атуу боюнча мелдеш өттү (сүрөт)
27-декабрда борбор калаада салттуу жаа атуу боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпиондугу өткөрүлдү. Ага 39 спортчу (24 айым жана 15 мырза) катышканын мэриядан билдирди.
Катышуучулар эки аралык боюнча күч сынашты. Алар «Кыргыз бута» – 50 метр аралыкка атуу жана «Кыргыз жамба» – 30 метр аралыкка атуу.
Мырзалар арасында «Кыргыз бута» (50 метр):
•I орун — Жунусов Алмаз;
•II орун — Мурадил уулу Ынтымак;
•III орун — Эмилбек уулу Нурсултан.
Айымдар арасында «Кыргыз бута» (50 метр):
•I орун — Умуркулова Чолпонай;
•II орун — Рахманалиева Миргүл;
•III орун — Шапиева Назгүл.
Мырзалар арасында «Кыргыз жамба» (30 метр):
•I орун — Эмилбек уулу Нурсултан;
•II орун — Мурадил уулу Ынтымак;
•III орун — Ногойбаев Рустам.
Айымдар арасында «Кыргыз жамба» (30 метр):
•I орун — Кулжабаева Эрика;
•II орун — Рахманалиева Эркайым;
•III орун — Бакбурканова Нурзат.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар жана грамоталар менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, бул чемпиондук 2021-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет, ал эми быйылкы мелдеш төртүнчү жолу уюштурулду. Иш-чараны Салттуу жана ат үстүндө жаа атуу федерациясы Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти менен биргеликте өткөрдү.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















