Министр: "Акылман" лицейинде жогорку айлык менен иштөөгө бардык каалоочулар чакырылат
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Биринчи радиого" берген маегинде республика боюнча "Акылман" президенттик лицейлерин ачуу пландалып жатканын билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаров жаңы муундагы кадрларды даярдоонун улуттук системасын түзүүнү пландап жатат. Ошол негизде республика боюнча "Акылман" лицейлерин ачуу пландалууда. "Окууну каалагандар көп. Эмгек акы жогору болот, директор же жетекчи болуп иштегиси келгендердин баарына мүмкүнчүлүк берилет", - деди Кендирбаева.
Буга чейин, өлкөнүн жети облустунда алдыңкы жылдары "Акылман" мектептери курулаарын президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи жыйынында сүйлөп жатып айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















