Манас шаарында мэрдин балаты майрамы өттү
Бүгүн, 29-декабрда Манас шаарында мэрдин балдарга арналган жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү. Бул тууралуу Манас шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин өкүлдөрү жана депутаттар катышты.
Майрам жаңы административдик имараттын чоң жыйындар залында уюштурулуп, 250 бала чакырылган. Алардын арасында мыкты окуган окуучулар, спорттук мелдештерде ийгилик жараткан балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары бар эле.
Мэр Эрнисбек Ормоков балдарды келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, ден соолук жана мыкты жетишкендиктерди каалап, билим алууга үндөдү. Иш-чаранын алкагында сахналаштырылган көрүнүштөр, ыр-бийлер жана жомок каармандарынын көрсөтүүлөрү тартууланды. Майрамдын соңунда ар бир балага белектер тапшырылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















