"Кызмат" мекемеси Калкты тейлөө борборлорунун графиги тууралуу билдирүү таратты
Калкты тейлөө борборлору 31-декабрга чейин кадимки тартипте, тагыраагы жумуш убактысы кыскартылбастан иштейт. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси маалымдады.Ага ылайык, 2026-жылдын 1-январынан 11-январына чейин КТБлар, Нике каттоо сарайлары жана чет өлкөлүк жарандарды тейлөө бөлүмдөрү иштебейт. Ал эми 12-январдан тарта бардык бөлүмдөр штаттык режимде ишин улантат.
Мындан улам мекеме жарандарга төмөнкүлөрдү сунуштады:
- зарыл болгон документтерди өз убагында тариздөөнү;
- каттоонун мөөнөттөрүн текшерүүнү (чет өлкөлүк жарандар үчүн);
- чет өлкөгө чыгуудан мурун паспорттордун жарактуулугун текшерүүнү.
Онлайн кызматтарды «Түндүк» порталы жана мобилдик тиркеме аркылуу алса болот. Колл-борбор: 119 (акысыз)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















