super.kg logo

Ысык-Көл жана Нарындагы балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары «Евразия» паркына барышты

 

Жаңы жылдын алдында Чаектеги «Нур-Булак», ошондой эле Каракол шаарындагы «Ирада» жана «Телегей» балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары «Евразия» паркына барышты. Алар үчүн ал жерде атайын көңүл ачуучу программа уюштурулду.

Ал эми балдарды SOS жаштар кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрү коштоп жүрүштү.

Паркта балдар аттракциондорго түшүп, муз аянтчасында ойношту. Ошондой эле Аяз ата менен жолугушуп, интерактивдүү шоуга катышышты. Мындан тышкары аларга «Кышкы жомок» аттуу цирк көрсөтүүсү тартууланып, парктын аймагында сейилдешти.

Белгилей кетсек, мындай сапарлар биринчи жолу уюштурулуп жаткан жок. «Евразия» паркы социалдык колдоо көрсөтүп, тактап айтканда, балдар үйлөрүнүн жана социалдык мекемелердин тарбиялануучуларын үзгүлтүксүз кабыл алып, алар үчүн экскурсияларды жана майрамдык иш-чараларды уюштуруп келет.






Ысык-Көл жана Нарындагы балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары «Евразия» паркына барышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: