"Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрмө пунктунун иши убактылуу токтотулат
Эртең, 30-декабрда "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу жарандарды жана автотранспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөрмө бекети техникалык иштерге байланыштуу саат 13:00дөн 15:00гө чейин жабык болот. "Чоң-Капка" өткөрмө пункту Талас облусунда, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы тилкеде жайгашкан.
Чек ара кызматы жарандарды алдын ала каттамын пландап, зарыл болгон учурда чек арадан өтүү үчүн жакын жайгашкан башка өткөрмө пункттарды пайдаланууга чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















