super.kg logo

Аялы жолдошунун огунан каза болгон окуя: УКМК эки милиция кызматкерин кармады (видео)

 

Бишкекте үч баланын энесинин ырайымсыз өлтүрүлүшү боюнча эки милиция кызматкери кармалды. Бул трагедияга алып келген жаңы жагдайлар аныкталганын УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Айта кетсек, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен козголгон кылмыш ишин атайын кызмат өз өндүрүшүнө алган. Иш боюнча тергөө-оперативдик тобу түзүлүп, бул өзгөчө оор кылмыштын жасалышына шарт түзгөн себептерге жана жагдайларга өзгөчө көңүл бурулууда. Тергөөнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталды:

- Маркумдун өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралышы мүмкүн деген "Жогорку деңгээлдеги коркунуч" менен коргоо ордери болгон;

- Свердлов райондук милициясынын жооптуу участкалык инспектору Ж.Н. өзүнүн кызматтык милдеттерин одоно түрдө бузуп, жабырлануучунун көп жолку кайрылууларын эске албай, арыз ээсинин жана анын балдарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мыйзамда каралган чараларды көргөн эмес;

- Ырайымсыз өлтүрүү болгондон кийин участкалык инспектор Ж.Н. өзүнүн кылмыштуу аракетсиздигин жашыруу максатында, кылмышкердин жашаган жери боюнча текшерүүлөр жүргүзүлгөн деген жалган актыларды артка даталоо менен жасалмалаган;

- Бишкек ШИИББинин коомдук коопсуздук кызматынын улук инспектору А.К. мыйзам талаптарын одоно бузуп, айыпталуучуга травматикалык тапанча сактоого жана алып жүрүүгө мыйзамсыз түрдө уруксат берип, анын мөөнөтүн узарткан;

- Уруксаттын мөөнөтү аяктаганына карабастан, улук инспектор А.К. куралды айыпталуучудан алып коюу боюнча эч кандай чара көргөн эмес.

Кечээ, 29-декабрда аталган милиция кызматкерлери кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө аларга айып тагылат, ал эми Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тергөө бүткөнгө чейин бөгөт коюу чарасын тандады.

Тергөө иштери улантылууда. Анын жыйынтыгында укук коргоо органдарынын бардык жооптуу кызматкерлеринин аракеттерине кылдат юридикалык баа берилет.

Айта кетсек, 23-декабрда саат 21:40 чамасында Бишкектин Бөкөнбаев көчөсүндөгү батирлердин биринде жолдошу аялын тапанча менен атып өлтүргөн окуя катталды. Шектүү дароо кармалды. Ал 48 жаштагы маркумдун мурунку жолдошу, мурун укук коргоо органдарында иштеген жаран болуп чыкты. Каргашалуу окуяга чейинки мүнөттөрдүн видеосу тарады.

Ошондой эле Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Токтоналиев мурунку жолдошу тарабынан ок жеп каза болгон аял кишинин өлтүрүлүшү боюнча тергөөнүн айрым жагдайларын айтып берди.

Маркумдун жакындары каргашалуу окуя тууралуу SUPER.KG порталына айтып беришкен.






Жолдошунун огунан каза болгон Жибек: УКМК эки милиция кызматкерин кармады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: