super.kg logo

Бишкекте 20 миң долларлык унаага байланыштуу алдамчылык фактысы аныкталды

 

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 16-майда Биринчи Май райондук милициясына М.М. аттуу жаран арызы менен кайрылган. Анда Ф.С. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Себеби 2024-жылы сентябрда ал дача тилкесинде мончо куруу үчүн эсептешүү катары баасы 20 миң долларын түзгөн Chevrolet Trailblazer үлгүсүндөгү унааны алган. Курулуш иштеринин баасы 10 миң долларга бааланып, калганын унаанын ээсине накталай кайтарып берүү милдетин алган. Бирок өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай, жүргөн жерин жашырып, качып кеткен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголду. Натыйжада 1989-жылы туулган Ф.С. тергөө кызматына жеткирилген.

Тергөө иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: