super.kg logo

Forbes журналы дүйнөдөгү эң жаш миллиардерлерди атады    

 

Forbes журналы жасалма интеллектти өнүктүрүү жаатында AI моделдерин жалдап, аны үйрөткөн стартаптын 22 жаштагы 3 негиздөөчүсүн 40 жаштагы эң бай адамдардын тизмесине киргизди. Алар дүйнөдөгү эң жаш миллиардерлер деп белгиленет.

Адарш Хиремат, Брендан Фуди жана Сурья Мидхтин ар биринин байлыгы 2,2 миллиард долларга бааланган. Forbes журналынын маалыматына ылайык, октябрь айында алар негиздеген Merc стартапы 10 миллиард долларга бааланган.

Forbes Хиремат, Фуди жана Мидх мектептен бери дос болгонун белгилейт. Мидх Mercor төрагасы болуп кызмат кылат.

Ал эми эң жаш миллиардер Германиянын Boehringer Ingelheim фармацевтикалык компаниясынын байлыгынын мураскери 20 жаштагы Йоханнес фон Баумбах деп табылган. Анын байлыгы 5,8 миллиард долларга бааланган.

Журналдын маалыматы боюнча, 2025-жылдын декабрына карата 40 жашка чейинки 71 адам миллиардерлердин тизмесине кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: