super.kg logo
  Саясат  

Эдил Байсалов Атамбаевдин сыйлыктары боюнча комментарий берди

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 7-каналга курган маегинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин наам, сыйлыктарынан ажыратылышына комментарий берди.

Анда ал Атамбаевдин сыйлыктары боюнча өлкө башчы Садыр Жапаровдун жарлыгына чейин эле сот өкүмү чыкканын белгилеп, мунун коомчулукта чоң резонанс жаратканына таң калганын айтты.

"Албетте, сот өкүмү чыккандан кийин биз аны аткарышыбыз керек. Биз мамлекет башчыга аны сунуштап, киргиздик, мамлекет башчысы кол койду. Атамбаев боюнча эң негизги чечим бул 2019-жылы июнь айында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анда экс-президент макамынан ажыратылган...

Ошондуктан экс-президенттик макамынан ажыратылышы менен азыркы наам сыйлыктарынан ажыратылганын салыштырып болбойт",- деди Байсалов.

Айта кетсек, кечээ, 29-декабрда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган. Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев атасынын мамлекеттик сыйлыктардан ажыратылышы боюнча билдирүү жасап, атасы сыйлыктарга муктаж эмес экенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: