super.kg logo

Салттуу чач бийи, Газадагы той, согуш туңгуюгу... 2025-жылы дүйнөдө эмне болду?

 

Дүйнөдө күн сайын маанилүү окуялар болуп, алар мамлекеттердин, коомдордун жана миллиондогон адамдардын жашоосуна таасирин тийгизүүдө. Саясий чечимдер, экономикалык өзгөрүүлөр, эл аралык мамилелердеги жаңы багыттар жана глобалдык чакырыктар дүйнөлүк тартиптин нугун аныктап келет. Жыл жыйынтыгын чыгарууда таң калтырган окуялар, дүйнөлүк саясатчылардын кадамы, согуштук аракеттерди токтотуу багытындагы сүйлөшүүлөр жана өлкөлөрдүн бири-бирине болгон аракети тууралуу учкай кеп кылабыз.

Американын кайра шайланган президенти жана анын ыкмалары

АКШ өзүнүн 47-жолу шайланган президенти, же кайра өлкө башчысы болуп келген Дональд Трамптын инагурациясы менен жылды баштады. Трамптын инагурациялык аземи 20-январда Вашингтон калаасында орун алды. Ал өз сөзүндө Американын "алтын доору" башталып жатканын жар салып, бардык мамлекеттер АКШга суктанарын, Американын ар дайым биринчи орунда болушуна кепилдик берерин билдирди. Эске салсак, Трамп буга чейин АКШнын 45-президенти болуп, 2017-2021-жылдары башкарган.

Инаугурациядан кийин Трамп Мексика менен чектеш аймакта өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду жана мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо боюнча АКШнын тарыхындагы эң ири операцияны өткөрүү ниетин баса белгиледи. Муну менен мыйзамсыз жүргөн мигранттарды өлкөдөн чыгып кетүүсүнө шарт түзүп, өз алдынча кетүүнү каалагандарга 3 миң долларга чейин акча берүү сунушун жасады. Ал эми өлкөсүнө жетип алуу үчүн акысыз билеттер уюштурулду. Болгону ал атайын тиркеме аркылуу ишке ашты.

Трамптын дагы бир багыты – бажы төлөмдөрүн жогорулатып, кайра түшүрүү аракети. АКШ 2025-жылы бажы төлөмдөрүн өзгөртүп, Кытайдан 20 пайыз, Мексика жана Канададан 10–25 пайыз кошумча тарифтерди киргизди. Аны менен катар Камбоджа менен Таиланддын ыркы келишпей турганда бажы төлөмдөрү менен коркутту. Бир катар өлкөлөр менен жаңы соода келишимдери түзүлүп, айрым товарларга бажы жеңилдиктери берилди. Бул чаралар глобалдык соода жана импорттук бааларга таасир этүүдө. 2025-жыл АКШнын бажы саясаты үчүн ички өндүрүштү коргоо жана глобалдык таасирди сактоо багытында маанилүү жыл болгону менен, өнөктөш өлкөлөргө бул аркети жакпады. 27-августтан тартып АКШ Индиядан алып келинген айрым товарларга 50 пайыздык бажы төлөмүн расмий түрдө киргизди.

АКШнын президенти Дональд Трамп 15-майда Жакынкы Чыгышка болгон сапарынын алкагында БАЭге иш сапары менен барды. Ал жерде расмий тосуп алуу учурунда чачтарын жазып алып, ак көйнөк кийген кыздардын бийи дүйнөлүк ММКны негизги темасына айланды. "Халижи" деген аталыштагы салттуу бий аталган өлкөдө конокторду кабыл алуу учурунда, алтургай ар кандай салтанат, тойлордо да аткарылат. Андагы кыймылдардын көбү чачтын сулуулугун көрсөтүүгө багытталган.

Согуш туңгуюгу...

Жылдын маанилүү жаңылыктары Орусия менен АКШнын мамилелеринин түздөлүшү болду. Бул арады Владимир Путин менен Дональд Трамп Аляскада бетме-бет сүйлөшүп, согуш аракеттерин токтотуу багытында пикир алышты. Бирок азырынча жыйынтык боло элек. Жыл ичинде Трамп Украинанын лидери Владимир Зеленский менен да 2-3 ирет жолугуп, бир нече ирет телефон аркылуу байланышты. Акыркы жолугушууда АКШ тарабынан сунушталган тынчтык келишимдере боюнча 90-95 пайызы бир чечимге келгендиги маалым болду. Ал эми бул жылы Зеленский менен Орусия лидеринин жолугушуусу жөнүндө да имиштер болуп жатты. Акыркы чечим кайсы убакка чейин барат, азырынча белгисиз.

Быйылкы жыл Индия менен Пакистандын ортосундагы мамилелер акыркы алты жылдагы эң чоң аскердик кагылышууларга алып келди. 22-апрелде террористтер Индиянын Жамму жана Кашмир аймагындагы Пахалгам шаарына кол салып, 26 туристти өлтүрүштү. Индия бул кол салууга Пакистан колдоо көрсөттү деп айыптап, дипломаттарды өлкөдөн чыгарды, соода жана виза чараларын чектеп, Инд дарыясынын сууларын бөлүшүү боюнча келишимден чыкты. Чыңалуунун өсүшү менен эки тарап аскердик машыгууларды баштады. 7-майда Индия Кашмирде жана Пакистан аймагындагы тогуз террористтик лагерге соккуларды урду. Пакистан артиллерия жана учкучсуз аппараттарды колдонду. 10-майда эки өлкө ок атышпоого жетишип, тынчтык орноду. Жөнгө салууда АКШ менен Улуу Британия кийгилишти.

Ал эми Таиланд менен Камбоджанын чек арасындагы чыңалуу жыл ичинде бир нече ирет күчөдү. Декабрь айынын башында тутанган ок атышуу чек ара өтмөктөрүн жабууга, жарандарды коопсуз аймакка көчүрүүгө алып келди. Учурда ок атышпоо келишимине келишкени менен, абал курч бойдон сакталууда. Анын себеби – сталаштуу аймактар жана илгерки храмдар.

Ал эми Непалда бийлик алмашуу орун алып, үрөй учурган окуялар менен коштолду. Анда өлкөдөгү социалдык баракчаларга салынган чектөөлөр нааразычылык акциясына алып келди. "Эл деген сел болот" деген кептей эле митингдин катышуучулары башкаруу кызматындагы айрым жетекчилерди кармап алып катаал чара көрсө, кээ бирин кууп жүрүп сабашкан. Ал эми жогорку бийликтегилер резиденциядан тик учактын жардамы менен качып жетишти. Бул ички тирешүүдө миңден ашуун жаран жаракат алып, элүүдөйү каза тапты. Учурда Жогорку соттун төрайымы 2026-жылдын 5-мартына чейин өлкөнү башкарат.

Газа: Жараат айыкпаса да, үмүт өчкөн жок

Учурда Газадагы тынчтык толук жана туруктуу орноду деп айтууга болбойт. Октябрдагы Израил менен ок атышпоонун макулдашуусу бир кыйла тынчтык алып келген, бирок анын күчү чектелген жана саясий процесс менен так фазасы дагы эле көйгөйлүү. Азык-түлүк, таза суу, дары-дармек жана күйүүчү май жетишсиз болуп, жеңил тамак-аш тартыштыгы 96 пайызга жеткен. Келишим айрым учурларда бузулганы да октябрдан бери бир нече ирет маалымдалды.

Согуштан кийин 80 пайыздан ашык инфраструктура бузулган жана көпчүлүк жашоочулар турмуштук зарыл нерселерден айрылган. Кечээ ок жаңырган көчөлөрдө бүгүн той обону угулсун деген тилек менен ок атышуу токтогондон кийин 50 жуп үйлөнүү үлпөтүн өткөрдү.

Европадагы стабилдүүлүк үчүн күрөш: саясат, энергетика жана миграция

Евробиримдик быйыл Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн ал өкөнүн башчысы Владимир Зеленскийди тосуп алуу жана аны узатуу менен убара болду. Бул арада 10-майда Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Германиянын канцлери Фридрих Мерц жана Польшанын премьер-министри Дональд Туск Киевге чейин келип кетти. Бирок азыркыга чейин бир майнапка келе албай жатышат.

Бул арада Европада энергетикалык кризис улантып, газ жана электр энергиясынын баалары 20–35 пайызга чейин өстү. Украинадагы согуш жана Евробиримдиктин колдоосу аймактык стабилдүүлүк үчүн маанилүү болду. Франция жана Германияда саясий өзгөрүүлөр орун алып, качкындар жана миграциялык кризис күчөдү. Европа өлкөлөрү климаттык келишимдерди күчөтүп, көмүртек эмиссиясын азайтууга багыт алды.

Лувр музейинде баалуу экспонаттар уурдалды

19-октябрда белгисиз адамдар жумушчулардын формасын кийип алышып, Лувр музейине киришкен. Алар бир нече мүнөт ичинде Наполеондун коллекциясына таандык жалпы баасы 88 миллион евро болгон зер буюмдарды уурдап кетишкен. Ал эми императрица Евгенияга таандык 1354 бриллиант менен кооздолгон таажы качып бара жаткан учурда жерге түшүп калган. Уурдалган зер буюмдардын айрымдарын шектүүлөр даркнет аркылуу сатууга аракет кылышканы аныкталган. Луврдагы уурулук уюшкан кылмыш эмес, майда уурулардын иши болуп чыкты. Жалпы азырынча8 киши кармалганы маалымдалган. Бирок буюмдар толук табыла элек.

Гизадагы Хеопс пирамидаларынын жанында Чоң Египет музейи расмий түрдө эшигин ачты. Бул музей — Египеттин эң ири археологиялык музейи гана эмес, дүйнөдөгү эң чоң музейлердин бири болуп эсептелет. 2002-жылы жарыяланып, 2012-жылы ачылышы пландалган музейдин курулушунун бүтүшү чыгымдардын көбөйүшү, саясий толкундар, COVID-19 пандемиясы жана аймактык жаңжалдардан улам бир нече жолу кечеңдеп калган. Музейдин аянты 500 миң чарчы метрди түзүп, ал Париждеги Луврдан эки эсе чоң. Музейди курууга кеткен чыгымдар болжол менен 1 миллиард доллар деп бааланат, анын көбү Япон Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан каржыланган.

Өткөн жыл дүйнө үчүн татаал, бирок маанилүү болду. Геосаясий чыңалуулар жана экономикалык кыйынчылыктар сакталды, ошол эле учурда технология, медицина жана жашыл өнүгүү тармактарында алдыга жылуулар болду. Климат маселеси курч бойдон калып, эл аралык кызматташтыктын мааниси дагы бир жолу тастыкталды. Жалпысынан жыл сыноолор менен катар үмүт жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да алып келди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: