super.kg logo

Өзбекстанда этникалык кыргыз кыз "Жылдын спортчусу" наамына ээ болду

 

Өзбекстандын Ташкент шаарында этникалык кыргыз кыз, 10-класстын окуучусу Айдана Юсупбаева таэквондо боюнча "Жылдын спортчусу" наамына ээ болду. Бул тууралуу Паркент районундагы №33 кыргыз орто мектебинин директору Кубанычбек Жаматов социалдык тармагына бөлүштү.

Мектеп директорунун билдирүүсүнө ылайык, Айдана жыл бою машыгуулардагы тартиптүүлүгү, чынчылдыгы, адамгерчилиги, эр жүрөктүгү жана жигердүү аракеттери үчүн Өзбекстандын Taekwondo WT ассоциациясы тарабынан "Жылдын спортчусу" номинациясы менен сыйланып, баалуу белектерге ээ болгон.

Мындан тышкары Айдана Юсупбаева ушул жылдын декабрь айында Жизах облусунда өткөн республикалык мелдеште 1-орунду ээлеп, "Өзбекстандын чемпиону" деген ардактуу наамга ээ болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: