Майрам күндөрү аймактарга каттаган кошумча автобустар ишке кирди
Жаңы жыл майрамынын алдында аймактарга каттаган кошумча автобустар ишке кирди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.Маалыматка ылайык, 22-декабрдан тартып каттамдар жетиштүү санда уюштурулуп, жол кире акысы көзөмөлгө алынган.
"Бишкек автобекетинен Ысык-Көл, Нарын жана Талас багыттарына 364 пландуу каттам каралган. Мындан тышкары 101 автобус кошумча рейстер үчүн резервге коюлган. Ушундай эле резервдеги автобустар 2026-жылдын 8–12-январы аралыгында да колдонулат", - деп билдирди министрлик.
Ошондой эле министрлик жол киренин негизсиз көтөрүлүшүн болтурбоо боюнча ташуучуларга жана автобекеттерге эскертмелер берилгенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















