Бишкекте XXV жайкы Сурдлимпиадалык оюндардагы жетишкендиктери үчүн спортчулар сыйланышты
Бишкек шаарында 2025-жылдын мыкты спортчуларын сыйлоо аземинде Япония мамлекетинин Токио шаарында өткөн XXV жайкы Сурдлимпиадалык оюндардын жыйынтыгы боюнча спорттук жетишкендиктери үчүн төмөнкү спортчулар акчалай сыйлык менен сыйланды.Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, сыйлыктарды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тапшырган.
- Эркин күрөш боюнча спортчу Адилет Жапаркуловго – 500 миң сом;
- Грек-рим күрөшү боюнча спортчу Смадияр Жумакадыровго – 500 миң сом;
- Грек-рим күрөшү боюнча спортчу Динмухамед Бигельдиевге – 250 миң сом;
- Грек-рим күрөшү боюнча спортчу Нарту Абдурахмановго – 250 миң сом;
- Таэквондо боюнча спортчу Азамат Мавлонов – 250 миң сом;
- Дзюдо боюнча спортчу Орозали уулу Байсалбекке – 250 миң сом.
Ошондой эле спортчуларды даярдоого, Сурдлимпиадалык оюндарда жогорку жыйынтыктарга жетишүүгө жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн машыктыруучулар жана медициналык кызматкерлер да акчалай сыйлык менен сыйланышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















