super.kg logo

Бишкекте мушташ уюштуруп, милицияга баш ийбеген жарандар кармалышты (видео)

 

Бишкекте коомдук тартипти бузган жарандар кармалышты. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 29-декабрда саат болжол менен 22:58 чамасында коомдук тартипти бузуу фактысы катталды. Кызмат өтөө учурунда кайгуул кызматынын кызматкерлери Токомбаев көчөсүндө жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде коомдук тартипти одоно бузуп, мушташка катышкан жарандарды аныкташкан.

Аталган жарандар агрессивдүү аракеттерди көргөзүп, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, адепсиз сөздөрдү айтып, өз аракеттери менен коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан.

Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө 1998-жылы туулган Б.Д. жана С.Н. аттуу жарандар аныкталып, аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесине (майда бейбаштык) ылайык административдик протокол түзүлгөн. Аталган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү текшерүү иштери улантылууда.






Бишкекте мушташ уюштуруп, милицияга баш ийбеген жарандар кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: