Айтмамат Кадырбаев: "Мелис Мырзакматов баштап кеткен жакшы иштерди улантам. Бирок көпүрөнүн курулушу боюнча бир нерсе дей албайм"

"Мелис Мырзакматов баштап кеткен жакшы иштерди улантам",- деп билдирди 20-январда Ош шаарынын жаңы шайланган мэри Айтмамат Кадырбаев. Айтымында, шаардыктар буга чейин кандай жашап келсе, жашоолору ошол калыпта уланат.
Автор: Автандил Добулбеков
"Мелис Мырзакматов баштаган жакшы иштер бар, кемчиликтер дагы бар. Жакшы максатты көздөгөн иштерин сөзсүз улантам",- дейт шаар башчысы. Ош шаарындагы асма көпүрөнүн курулушу уланабы же жокпу деген суроого Кадырбаев так жооп айта алган жок. "Карап көрөбүз, азырынча бир нерсе дей албайм",- деп жооп берди ал.
Жазында Мелис Мырзакматовдун тополоң кылышына негиз жок экенин да билдирди. "Сүйлөшүү жүргүзөбүз. Элди аянтка алып чыгып ызы-чуу салууга, менимче, негиз жок",- дейт Кадырбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
-1

