super.kg logo

БШК кайра шайлоону өткөрүү үчүн каралган чыгымдардын сметасын бекитти

 

Бүгүн, 30-декабарда Борбордук шайлоо комиссиясы №13 көп мандаттуу шайлоо округундагы кайра шайлоону өткөрүү үчүн каралган чыгымдардын сметасын бекитти. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кайра шайлоону өткөрүү кийинки жылдын 1-мартына дайындалып, аны даярдоого жана өткөрүүгө 18 миллион 507 миң сом керектелет.

Шайлоону даярдоо жана өткөрүү чыгымдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Сметада шайлоону уюштурууга жана маалыматтык жактан камсыз кылууга кетчү чыгымдар, комиссия мүчөлөрүнүн жана ишке тартылган жарандардын эмгек акысы, шайлоо (референдум) өткөрүлгөн күндөрү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, ошондой эле ишке тартылган жарандарга бир адамдык суткалык өлчөмдө тамак-аш уюштурууга суткалык төлөмдөр камтылган.

Чыгымдар төмөнкү негизги көрсөткүчтөргө таянып эсептелген:
- округдук шайлоо комиссияларынын саны – 1, мүчөлөрүнүн саны – 15 адам;
- участкалык шайлоо комиссияларынын саны – 94, мүчөлөрүнүн саны – 965 адам;
- шайлоо өткөрүү учурунда жарандарды идентификациялоо боюнча техникалык кызматтарды көрсөтүүгө тартылган операторлордун саны – 55 адам;
- техникалык колдоо көрсөтүүчү операторлордун саны – 24 адам.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: