Бишкекте жасалма арак чыгаруучу цех аныкталды (видео)
Бишкектин Арча-Бешик конушунда контрафакттык арак чыгаруучу жашыруун цех аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады.Маалыматка ылайык, салык кызматынын кызматкерлери салыктык көзөмөл боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзгөн. Анын алкагында аталган конушта жайгашкан цехтен 122 даана жасалма алкоголдук продукция, келип чыгышы шектүү 2180 акциздик маркалар, спирттик өзгөчө жыты бар 110 литр суюктук, атайын колго жасалган жабдуулар табылган. Ошондой эле ар кандай аталыштагы алкоголдук продукциялардын этикеткалары жана айнек идиштер да аныкталган.
Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Бишкекте жасалма арак чыгаруучу цех аныкталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















