Beeline 2025-жылы адамдарды кантип бириктирди жана шыктандырды
Декабрь айы аяктап баратат, демек жыл жыйынтыктоо мезгили келди. Beeline Улуттук оператору өтүп бара жаткан жылды өзгөчө жаркын, кайрымдуу жана эсте каларлык кылган негизги социалдык долбоорлору жөнүндө айтып берди.
Жазында компания КМТУдагы Beeline акысыз коворкингиндеги компьютердик жабдууларды жаңыртты. Бул студенттерге, окуучуларга жана башка конокторго окуу жана иштөө үчүн дагы көп ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
Жай балдар үчүн чыгармачылык мастер-класстары жана Бишкектеги "Ынтымак-2" паркындагы жайлуу Chill Zone Beeline менен эсте калды. Бул жерде ар бир каалоочу музыка, таза абада оюндар жана ачык асман алдындагы кинолор менен эс алуунун жылуу атмосферасында убакыт өткөрө алды.
Август айында Beeline Ысык-Көлдө кино көрсөтүү сезонун улантты. Сегиз акысыз кино кечеси көл жээктеринде ижана курортторунда миңдеген конокторду чогултуп, эстен кеткис көптөгөн жаркын эмоцияларды жана таасирлерди калтырды.
Күздө Beeline Элдик Банк менен биргеликте чоң ишембилик өткөрдү. Банктын жана уюлдук оператордун 100дөн ашык кызматкери жүздөгөн кап таштанды чогултуп, шаарга кам көрүү – бул командалык иш экенин өздөрүнүн үлгүсү менен көрсөтүштү.
Кыргызстандын билим берүүсүн жана жаш муунун колдоо маанилүү багыт болуп калды. Beeline эксперттери студенттерге лекция окушту, жаштардын иш-чараларында жана чемпионаттарында калыстык кылышты, өз билимдери жана тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Ноябрь айында Beeline Бишкек шаарындагы №56 мектепке заманбап модулдук столдорду тапшырды. Жаңы эмеректер химия кабинетине, китепканага жана мугалимдер бөлмөсүнө орнотулуп, бөлмөлөрдү ыңгайлуу жана функционалдуу кылды.
Жылдын аягына карата Beeline компаниясы Кыргызстандын ар кайсы шаарларынын тургундарына майрамдык маанай тартуулады. Мамлекеттик оператор Каракол, Кара-Балта, Баткен, Манас, Ош, Талас, Нарын, Бишкек жана Токмок шаарларында "Жаңы жылдык от" сериясын өткөрдү. Бул жандуу музыка, жомоктогу каармандар, сынактар, белектер жана тамактануулар менен унутулгус майрам болду.
— Beeline компаниясы үчүн 2025-жыл өзгөрүүлөрдүн, татаал чакырыктардын жана жаңы милдеттердин мезгили болду, бирок эч нерсеге карабастан коомдун жыргалчылыгы үчүн иштөө ар дайым биринчи орунда калды, — деди Компаниянын аткаруучу директору Кубаныч Шатемиров. — Алдыда Кыргызстандын жашоочуларын бириктире турган, шыктандыра турган жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзө турган дагы көптөгөн долбоорлор турат. 2026-жыл жакшы иштерге, жакшы жаңылыктарга жана бактылуу окуяларга бай болсун. Жаңы жылыңыздар менен!
Beeline - жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.
КРнын СӨжИТМге караштуу БТЖСККнын 21.12.2016-жылдагы №15-1420-КР, 21.12.2016-жылдагы №16-1526-КР, 17.09.2024-жылдагы №14-1102-КР, 04.11.2024-жылдагы №14-1125-КР, 18.08.2025-жылдагы №16-0089-КР, 06.10.2021-жылдагы №21-0489-КР жана 07.02.2020-жылдагы №20-0388-КР уруксаттамалары.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















