Бишкекте кыргыз киносунун залкары Төлөмүш Океевдин эстелиги ачылды (видео)
Бүгүн, 30-декабрда Бишкекте кыргыз улуттук кинематографиясынын залкар өкүлү, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, көрүнүктүү кинорежиссёр жана коомдук ишмер Төлөмүш Океевдин эстелигинин расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.
Берилген маалыматка ылайык, иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, президентинин кеңешчиси Марат Иманкулов, Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Алмазбек Акматов атындагы коомдук фонддун өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият жана искусство өкүлдөрү, режиссёрдун жакындары катышты.
Төлөмүш Океев - кыргыз кино өнөрүнүн тарыхында өчпөс из калтырган улуу инсан.
Анын "Бакайдын жайыты", "Көк серек", "Кызыл алма", "Алтын күз", "Кожожаш", "Уркуя" сыяктуу тасмалары кыргыз элинин дүйнөтаанымын, тарыхын жана руханий баалуулуктарын кеңири чагылдырып, улуттук кинонун дүйнөлүк деңгээлде таанылышына өбөлгө түзгөн. Айрыкча "Бакайдын жайыты" тасмасы дүйнөнүн мыкты 100 тасмасынын катарына кирип, кыргыз киносуна эл аралык даңк алып келген.
Эстеликтин ачылышы улуу режиссёр Төлөмүш Океевдин 90 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлдү.
Бишкекте Кыргыз киносунун залкары Төлөмүш Океевдин эстелиги ачылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:28
2026-02-09
17:04
2026-02-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















