ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: Манастын айкели жаңырып, Гүлчө айылы шаар болду. Кыргызстандагы урунттуу окуялар
SUPER.KG порталы рубрикалар боюнча салтка айланган жыл жыйынтыгын чыгарууну улантууда. Бул жолку чыгарылышта Кыргызстанда орун алган урунттуу окуяларга, ишке ашкан ири долбоорлорго жана башка тармактардагы өзгөрүүлөргө токтолобуз.
Сөз башынан болсун...
Жалал-Абад шаары Манас болуп өзгөрдү
Ушул жылдын 3-сентябрында Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүү боюнча сунуш коомчулукка кабарланып, анын максатын калаа башчысы Эрнисбек Ормоков түшүндүрүп берген. Айтымында, аталышты өзгөртүү элдин суранычы болгон.
"Шаардын өзгөрүшү, архитектуралык көрүнүшүндө элдин Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүп бергиле деген талабы болду. Бул сунуш бүгүн же кечээ эле түшкөн жок да. Буга чейин да эл тарабынан ушундай сунуштар келип жаткан",- деген мэр.
Тиешелүү документ шаардык кеңеш тарабынан колдоого алынып, тийиштүү кызмат тарабынан Жогорку Кеңештин комитеттеринин кароосуна киргизилген. Ал эми 10-сентябрда Жогорку Кеңеш Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алган. Буга удаа, 17-сентябрда президент Садыр Жапаров аталган мыйзамга кол койгон.
Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад облусундагы Манас шаары республикалык маанидеги шаар статусуна ээ болушу мүмкүн. Тактап айтканда, 24-октябрда шаардык кеңештин депутаттары кезексиз сессияда шаардын статусун өзгөртүү боюнча сунушту колдошту. Эми бул демилге мыйзам чегинде иштелип чыгып, Жогорку Кеңеште каралышы керек.
Гүлчө айылы шаар статусун алды
12-сентябрда президент Садыр Жапаров Алымбек датканын урматына арналган майрамдык иш-чарада Гүлчө айылына шаар статусун берүү маселесин кароону тиешелүү мамлекеттик мекемелерге тапшырганын айткан. Көп өтпөй министрлер кабинети аталган айыл аймакты райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизген эле.
Документке ылайык, айыл аймактын курамында 12 айыл бар. Калкынын саны 22 566 адамды түзөт. Ал жакта Алай райондук мамлекеттик администрациясы, Гүлчө айыл өкмөтү, УКМКнын райондук бөлүмчөсү, аскер бөлүгү, прокуратура, сот, Социалдык фонд жана башка министрликтердин, мекемелердин райондук бөлүмдөрү, банктар жана стадиондор жайгашкан.
Айылда 1 кесиптик лицей, 3 орто мектеп, 1 мектеп-интернат, 5 бала бакча бар. 90 пайызы таза суу менен камсыз болгон, жолдорунун 63 пайызына асфальт төшөлгөн.
23-сентябрда тиешелүү мыйзам долбоору парламенттин комитеттеринде жана Жогорку Кеңеште колдоо тапкан. Ал эми президент 15-октябрда бул мыйзамга кол койгон болчу.
Гимнди өзгөртүүгө камылга көрүлүүдө
Эске салсак, 2024-жылдын 25-октябрында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кара-Кыргыз автономдук облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада мамлекеттик гимнди өзгөртүүнү сунуштаган болчу. Андан соң Маданият министрлиги гимндин текстин жазууга сынак жарыялап, 5 тексттин долбоору тандалган. Буга удаа гимндин музыкасына сынак жарыяланган. Ага ылайык, гимндин долбоору 3төн ашык эмес куплеттен жана 1 кайырмадан туруп, 4 мүнөттөн ашпаган узактыкта болууга тийиш эле.
Бул жылы төрага Ыдырыс Исаковдун Ютуб каналына курган маегинде жаңы гимн тууралуу пикирин айткан. Анын айтымында, гимнди бардык жарандар оңой ырдай алышы керек жана тексти биринчи жак менен жазылышы зарыл. Азырынча ушундай...
Эгемендүүлүк майрамы Жалал-Абадда белгиленди
Быйыл Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгы Жалал-Абад шаарында белгиленди. Ал жактагы иш-чарага президент Садыр Жапаров баш болгон бийлик өкүлдөрү катышкан.
Майрамдык иш-чарада Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу жолун чагылдырган даректүү тасма көрсөтүлүп, 600гө жакын артисттин катышуусунда "Келечектеги Кыргызстан" аттуу театралдаштырылган оюн тартууланды.
Президент Эгемендүүлүк майрамы жыл сайын өлкөнүн ар кыл аймактарында белгиленип жатканын айтып, муну мамлекет бардык аймакка бирдей көңүл буруп жаткандыгы менен байланыштырды.
Манастын эстелиги алмашты
Бул жылы Бишкектин Ала-Тоо аянтында Манастын жаңы айкели орнотулду. Монументти реконструкциялоо иштери ушул жылдын январь айында башталган.
Айкелди скульптор Тамила Маматова жасаган. Эстеликти орнотуу маалында аталган долбоор коомчулуктун талкуусуна түшүп, ал арада айкелчи сындарга жооп берген.
"Менин ар бир эмгегим өзүмө баалуу, нарктуу да. Анан өлкөнүн негизги борбордук аянтына коюла турган эстеликти жөн эле жасап коюу мүмкүн эмес. Бул сыймык. Бул эмгек күнү-түнү уйку бербей, 1 жылга жакын жасаган долбоорум. Канчалаган эмгек, энергия, көздүн майы кетти. Кыйынчылыктар болбоду деп айта албайм, бирок сыймыктануу менен жасадым. 2 ай эскизин даярдоого жумшалды, 2 ай аны чоңойттук. 4 ай чогултуу иштери жүрдү. Жалпы эсеп менен алганда бир жылга жакын мээнетти жумшадык.
Эстеликте алдыга умтулган Кыргызстанды элестеткен философиялык ой жатат",- деген эле айкелчи.
Ошентип 2-августта "Айкөл Манас" эстелигинин ачылышы болуп, иш-чарага бийлик өкүлдөрү, саясий-коомдук ишмерлер катышкан.
Министрликтердин саны арбыды
Быйылкы жылда Билим берүү жана илим министрлиги экигө бөлүнүп, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар менен Агартуу министрлиги түзүлдү.
Мындай чечим жогорку билим берүү, илимий жана инновациялык иштер чөйрөсүндө башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, жаш окумуштуулардын илимий-изилдөө жана инновациялык иштерге катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында кабыл алынганы айтылган.
Ага ылайык, мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функцияларды Агартуу министрлиги аткарат.
Ал эми илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү милдеттер Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине жүктөлгөн.
Бул убакта агартуу министрлигин Догдуркүл Кендирбаева жетектеп жатса, илим министринин милдеттери Гүлзат Исаматовага жүктөлгөн.
Өлкөдө бул жылы дагы бир министрлик түзүлдү. Тагыраагы, 11-февралда министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги болуп түзүлдү. Бул тармакты 13-февралдан бери Нурдан Орунтаев жетектеп келет.
Жалал-Абаддагы бийлик өкүлдөрү жаңы имараттуу болушту
Жалал-Абад шаарындагы жаңы административдик имарат бир жыл ичинде бүткөрүлүп, 30-августта президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылды. Курулушка 2024-жылдын 29-августунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев капсула салган. Ал жети кабаттан туруп, массалык иш-чараларды өткөрүүчү аянтча жана сейил бак менен курчалган.
Ал эми шаардын жаңы борбордук аянты "Азаттык" деп аталган. Өлкө башчысы жаңы имараттын ордунда убагында абак болгонун, ал башка жакка көчүрүлгөнүн белгилеген.
"Имарат салган жердин 10 гектарга жакыны түрмө болчу. Аны биз сүрдүрүп, башка жакка көчүрүп, ушул имарат менен аянтты курдук. Мындан ары бул аянтты "Азаттык" деп атайбыз. Бул жактан көчүрүлүп кеткен, түрмөдө отургандар биздин жарандарыбыз, элдерибиз. Эртерээк азаттыкка чыгып, үй-бүлө, бир туугандарына, эл-журтуна кошулуусун тилейли",- деген өлкө башчы.
Белгилей кетсек, буга чейин Жалал-Абаддагы мэрия жана президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнүн имарттары экөө эки башка жерде, бирок шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан эле.
"Ала-Арча" паркында асма жол курулуп, автобус каттамы ишке кирди
"Ала-Арча" жаратылыш паркында май айынан тарта бензин же дизель менен жүргөн унаалардын киришине толук тыюу салынды. Ал эми келген конокторду аймактын кире беришинен атайын уюштурулган электрокарлар парктын ичине ташышууда.
Буга удаа №1 Бишкек-Ала-Арча экспресс каттамы кайрадан ишке кирди. Анын акыркы аялдамалары Бишкектеги Усубалиев атындагы эски аянтта жана Ала-Арча жаратылыш паркында орун алган. Аталган каттамда 6 автобус 20-30 мүнөт сайын каттап, Жусуп Абдрахманов көчөсү аркылуу жүрөт. Ал эми төлөм жүргүзүү накталай болсо 50 сом, накталай эмес болсо 40 сомду түзөт.
Бул жылы улуттук парктагы өзгөрүүлөр муну менен эле токтоп калган жок. Айтсак, сейил бакта жаңы амфитеатр ачылып, ал жерде мезгил-мезгили менен майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Жыл башында, атап айтканда, январдын аягында асма жолдун курулушуна мезгил кутусу салынган эле, учурда ал курулуш сыноодон өткөрүлүүдө.
Такталгандай, асма жол инвесторлордун эсебинен курулат. Долбоордун биринчи этабында 1 чакырым жерге куруу пландалып, 10 миллион евро каралган. Ал австриялык инвесторлор тарабынан ишке ашууда. Ал эми долбоордун экинчи этабында 23 чакырым жерге куруу мерчемделүүдө.
Мындан тышкары, улуттук паркта алгачкы родельбандын курулушу башталган болчу. Анда 200 метр узундуктагы трассада 36 чана орнотулуп, саатына 500 адамды кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Долбоор Германиянын дүйнөгө таанымал “Wiegand” компаниясы тарабынан курулары айтылган.
"Жаштык" деп аталган жаңы арена ачылды
10-ноябрда Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи аренесы чоң салтанат менен ачылды.
Жаңы спорттук жайдын аянты 15,3 миң чарчы метрди түзүп, 5 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталган. Анда спорттук мелдештерди жана маданий-массалык иш-чараларды өткөрсө болот.
Аэропорттор жаңыланып, FRU коду өзгөрдү
Кыргызстанды быйыл аба траспорту тармагында бир топ иштер аткарылды. Алардын ирилери Нарын, Казарман аэропортторунун оюңдоп-түзөөдөн өткөнүн айтсак болот.
8-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Нарын облусунда Нарын аба майданынын ачылышына катышса, Казарман аэропортунун ачылышына онлай старт берди. Эки аэропорт тең "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын каражатына оңдолгон.
"Компания ири масштабдагы инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга жалпы 8 миллиард 175 миллион сом каражат бөлдү. Жүргүнчүлөрдү тейлөө инфратүзүмүн жакшыртуу максатында атайын техникалар жана жабдуулар 3 миллиард 356 миллион сомго алынды. Бул биздин авиация тармагыбыздын өз алдынча ийгиликтүү иш алпарып жаткандыгын көрсөтүп турат",- деген иш-чарада Жапаров.
Баса, бул жылы 11-августтан тарта “Манас” эл аралык аэропортунун IATA коду расмий түрдө өзгөртүлдү. FRU коду 1974-жылдан бери колдонулуп келсе, эми ал BSZ болуп өзгөрдү.
Жол кеңейип, заманбап көчө чырактары коюлду
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектинин бир бөлүгү оңдоп-түзөөдөн өтүп, жол чырактар коюлду. Жол ар биринин туурасы 4 метрден болгон алты тилкеге чейин кеңейтилген. Ошондой эле жөө адамдар үчүн жер алдынан өтүүчү өтмөк курулду.
Муну менен катар жөө жана вело жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөнү түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Көчөнүн эки тарабында тең кең тротуарлар жана веложолдор курулуп, бул экологиялык таза транспорттун өнүгүшүнө жана шаардыктардын активдүү жашоо мүнөзүн колдоого өбөлгө түзөт.
Белгилей кетсек, Бишкектегидей заманбап көчө чырактары Балакчы шаарына да орнотулду. Алардын саны 60 даана экенин мэрия кабарлаган.
кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео















