Жүк ташуучу унааны айдап жүргөн жашы жете элек айдоочу аныкталды (видео)
Жүк ташуучу унааны айдаган жашы жете элек айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кайгуул кызматы түнкү рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Mercedes Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны токтотушкан.
Текшерүү маалында айдоочуда айдоочулук күбөлүк жок экени жана жашы жете электиги аныкталган. Ал эми өспүрүм айдоочу бир фирмада жүк ташып иштей турганын билдирген.
Бул факт мыйзам талаптарынын одоно бузулушу болуп саналат жана жол кыймылынын коопсуздугуна түз коркунуч жаратат. Аталган факт боюнча укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, унаа айып короосуна коюлду.
Жүк ташуучу унаанын айдап жүргөн жашы жете элек айдоочу аныкталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















