Бишкекте жаңы салынган жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн фоторепортаж
Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектисинде жаңы салынган жөө адамдар үчүн жер алдынан өтүүчү өтмөк пайдаланууга берилди.
SUPER.KG порталы аталган өтмөктөн фоторепортаж даярдады.
Өтмөк жарандар үчүн ыңгайлуу болуп, андан сырткары пандустар да коопсуз болуп салынганы көз кубандырды. Өтмөктө лед экрандар коюларын жеринде иштеп жаткан куруучулар айтышты.
Буга чейин тургундар Айтматов проспектисинде мамлекеттик резиденциядан тартып Масалиев проспектисине чейинки аралыкта жөө өтмөктөр да, жол чырактар да жок экенин, ошондуктан жолду өз алдынча кесип өтүүгө мажбур болуп жатышканын айтып чыгышкан эле.
Ал эми Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев социалдык тармактагы баракчасында жаңы салынган жер өтмөктө дагы кошумча иштер аткарыларын, жакын арада дагы төрт өтмөк куруларын билдирди.
Бишкекте жаңы салынган жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн фоторепортаж
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















