super.kg logo

Баткен облусунда "Алтын өрүк" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды

 
Баткен облусунун жыл мыктылары аныкталып “Алтын өрүк” сыйлыгы ыйгарылды. Бул тууралуу Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш чарага Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков катышып, өз ишинде өзгөчөлөнгөн жыл мыктыларына “Алтын өрүк” сыйлыгын тапшырды.
Мыктылар атайын комиссиянын жана УТРК Баткен телеканалынын социалдык тармактагы баракчаларында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аныкталган.
Ага ылайык,
  • “Мыкты аким” номинациясын Баткен районунун акими Данир Иманалиев;
  • “Мыкты айыл өкмөт башчысы” номинациясын Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы Мухтар Абдухамитов;
  • “Мыкты мекеме” номинациясын Кызыл-Кыя шаардык социалдык фонд башкармалыгы татыктуу болушту.
Мындан сырткары төмөнкү номинациялар боюнча татыктуулар тандалды.
  • Мыкты прокуратура кызматкери;
  • Мыкты милиция кызматкери;
  • Мыкты чекарачы;
  • Мыкты куткаруучу;
  • Мыкты аскер;
  • Мыкты чарбакер;
  • Мыкты медицина кызматкери;
  • Мыкты маданият кызматкери;
  • Мыкты мугалим;
  • Мыкты спортчу;
  • Мыкты ишкер;
  • Мыкты студент;
  • Мыкты окуучу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: