Кыргыз-өзбек ТИМ башчылары телефондо сүйлөштү
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу 30-декабрда министрликтен билдирди.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүдө кызматташтыктын учурдагы абалы жана мындан ары тереңдетүү перспективалары талкууланды. Ошондой эле эки тарапты кызыктырган аймактык жана эл аралык маселелер тууралуу да сөз болду. Тараптар тыгыз координациянын жана туруктуу саясий диалогдун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Министрлер анда эки өлкөнүн ортосундагы достук, жакшы коңшулаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары да чыңдоого өз ара умтула тургандыгын ырасташты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















