super.kg logo

Рамзан Кадыров 18 жаштагы уулун мамлекеттик медаль менен сыйлады

 

Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров өзүнүн 18 жаштагы уулу, аймактын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адам Кадыровго "Чечен Республикасынын биринчи президенти Ахмат Кадыровдун элесине" арналган медалды тапшырды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Басылмаларда сыйлык Адам Кадыровго мекендин коопсуздугун, туруктуулугун жана өнүгүшүн камсыздоого кошкон олуттуу салымы үчүн берилгендиги айтылат. Жарыяланган сүрөттөрдө Рамзан Кадыров медалды уулунун көкүрөгүнө өзү тагып жатканын көрүүгө болот. Сыйлоо аземинин так датасы айтылган эмес.

Белгилей кетсек, 23-декабрда аталган медаль Рамзан Кадыровдун улуу баласы Ахматка да тапшырылган. Ал учурда Чечен Республикасынын дене тарбия жана спорт министри болуп иштейт. Ал эми 2024-жылдын ноябрында бул сыйлыкка аймак башчысынын кызы Айшат Кадырова да татыган.

Учурда 18 жаштагы Адам Кадыров бир катар жогорку мамлекеттик сыйлыктардын ээси болуп саналат. Алардын катарында Кадыров ордени, Чечен Республикасынын Баатырынын медалы, Карачай-Черкесия жана Кабардино-Балкария алдындагы эмгеги үчүн ордендер, Татарстан Республикасынын Дуслык ордени жана башка сыйлыктар бар. Ошондой эле ал Грозный шаарынын ардактуу жараны макамын алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.12.2025. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Медаль эмес, адамдык абийир баалуу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: