Калдарбек Марап уулу Ош облустук филармониясынын көркөм жетекчиси болду
Ош облустук филармониясынын көркөм жетекчиси болуп Калдарбек Маруп уулу дайындалды. Бул тууралуу 30-декабрда Маданият министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, ал аталган кызматка 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды.
Маруп уулу Калдарбек 1997-жылдын 12-августунда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Гур айылында туулган. 2019-жылы Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетин музыкалык билим берүү адистиги боюнча аяктаган. 2023-жылы ушул эле окуу жайдын искусство факультетинде көркөм билим берүү багыты боюнча магистратураны бүтүргөн.
Кесиптик ишмердүүлүгүн 2019-жылдан бери Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармонияда улантып келет. Ал “Aalam” фольклордук-эстрадалык тобунун жана “Aalam” продюсердик борборунун негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси.
Маруп уулу Калдарбек бир катар автордук музыкалык чыгармалардын жаратуучусу. Анын күүлөрүнүн катарына “Кылым күүсү”, “Доор”, “Манас руху”, “Залкарларга таазим”, “Кулун" кирсе, ырларынан “Ата-эне”, “Ак гүлүм”, “Сүйүү”, “Махабатым” кеңири таанымал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















