Милиция Чоң Чүй каналына түшүп кеткен жарандар тууралуу маалымат берди
Чоң Чүй каналына түшүп кеткен эки жаранды издөө иштери эртең, 31-декабрда саат 08:30дан тартып улантылат. Бул тууралуу 30-декабрда шаардык милициядан билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 9:00 чамасында «102» кызматына Чоң Чүй каналынын аймагында эркек кишилер сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге барганда суу сактагычта үч эркек киши чөгүп кеткендиги аныкталган. Алар 37 жаштагы Ж.Ч., 59 жаштагы Ж.Т., жана 62 жаштагы Ж.Ж. экени такталган. 37 жаштагы жарандын жансыз денеси табылып, калган эки жаранды издөө иштери жүргүзүлүүдө.
Окуянын себептерин аныктоо үчүн бардык зарыл болгон соттук экспертизалар дайындалды. Издөө-куткаруу иштерине 60тан ашык милиция кызматкери тартылган.
Тергөө иштери улантылууда.
Белгилей кетсек, Бишкек мэриясы сууга түшүп кеткен "Тазалыктын" кызматкерлеринин жакындарына жардам берилерин убадалады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















