«Манас» эпосунун башкы каармандарынын ысымдарын пайдалануу тартиби бекитилди
Министрлер кабинети «Манас» эпосунун башкы каармандарынын ысымдарын пайдалануу тартибин бекитти. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документтин максаты - эпостун башкы каармандарынын ысымдарын жана алардан түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын аталыштарында пайдалануунун укуктук тартибин белгилөө.
"Ошондой эле аларды туура, жоопкерчиликтүү жана моралдык нормаларга ылайык пайдаланууну камсыз кылуу болуп саналат", - деп жазылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















