Бишкек шаарында 300 үй-бүлө Жаңы жылга карата гуманитардык жардам алышты. Бул тууралуу 30-декабрда калаа бийлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам борбор калаанын төрт районуна таратылды. Азык-түлүк баштыктары райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына жеткирилип, ал жерден ар бир райондо 75 үй-бүлөгө таратылды. Жалпысынан 300 үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү.

Анда "Үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөк пулун алуучуларга, оор турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана аз камсыз болгон жарандарга жардам көрсөтүлдү.

Ар бир үй-бүлөгө төмөнкү азык-түлүктөр бар баштыктар берилди:

  • ун - 5 килограмм;
  • макарон - 10 килограмм;
  • кесме (китлап);
  • Пахта майы 5 литр.

Бул иштерди Бишкек шаарынын мэриясы "Акун" ЖАК менен биргеликте ишке ашырды.