Аяз Баетовдун ыйгарым укуктары узартылды
Юстиция министри Аяз Баетовдун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары катары ыйгарым укуктары узартылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик башкаруу системин реформалоону улантуу максатындагы тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Ага ылайык, мамлекеттик органдар бюрократияны кыскартууга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга жана административдик процесстерди оптималдаштырууга багытталган чараларды ишке ашырууга милдеттендирилди.
Юстиция министри Аяз Баетовго реформаларды координациялоо боюнча ыйгарым укуктар жүктөлүп, ага 2026-жылдын 1-июлуна чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары статусу берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















