super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы бажы кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 31-декабрда бажы кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Өкмөт башчы өз сөзүндө бажы кызматынын орду, учурдагы бул тармактагы өзгөрүүлөргө токтолду.

"Жүргүзүлүп жаткан реформалар бажы кызматынын бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдөгү олуттуу салымын камсыз кылды.

2025-жылга карата бажы кызматына төлөмдөрдүн божомолу 151,7 миллиард сом өлчөмүндө белгиленген, бул 2024-жылга салыштырмалуу 23,2 пайызга жогору. 2025-жылдын 29-декабрына карата бажы төлөмдөрү боюнча 156,6 миллиард сом камсыздалып, болжол 103,2 пайызга аткарылды же белгиленген көрсөткүчтөн 4,9 миллиард сомго көп жыйналды. Бул жыйынтыктар бажы тутумунун туруктуулугун жана жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугун тастыктайт.

Жылдын аягына чейин бажы кызматы 157 миллиард сом чогултууну мерчемдеп жатат, бул бекитилген болжол 5,3 миллиард сомго көп.

Бул натыйжалар бажы тутумунун туруктуулугун жана жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөрдүн бекемдигин тастыктайт.

Ошол эле учурда бажы органдарынын кызматкерлерине болгон жүктөм олуттуу түрдө өстү. Акыркы жылдары иштетилген бажы декларацияларынын саны бир нече эсеге көбөйдү: 2021-жылы алардын саны болжол менен 113 миңди түзсө, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 630 миңден ашты. Мындай өсүш штаттык кызматкерлердин санын көбөйтүү менен эмес, санариптештирүү, автоматташтыруу жана бизнес-процесстерди кайра карап чыгуу аркылуу камсыздалып, бажылык башкаруунун туруктуулугун жана жогорку сапатын сактоого мүмкүндүк берди.

Бажы органдарынын укук коргоо ишмердүүлүгүнүн натыйжасы да өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Аналитикалык иштерди күчөтүү, тобокелдикти эске алган ыкмаларды жана заманбап көзөмөл инструменттерин киргизүү бажы мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктоону жогорулатып, мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүүгө жана көмүскө экономиканы кыскартууга олуттуу салым кошууга шарт түздү",- деп айтылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: