Садыр Жапаровду Жаңы жыл майрамы Кытай, Орусия, Өзбекстан, Казакстандын лидерлери куттукташты
Кытайдын, Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын президенттери өлкө башчы Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттукташты.
Президенттин администрациясы кабаралагандай, алгач Си Цзиньпиндин куттуктоосу келген. Андан соң Владимир Путин Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, эки өлкөнүн бекем өнөктөштүгүнө токтолгон.
Шавкат Мирзиёев куттуктоосунда өтүп бара жаткан жылы эки өлкө бир катар жаатта кызматташууну өнүктүрүүгө жетишкенин белгилеген. Коңшу өлкөнүн лидери ошондой эле Жапаровго ден соолук, кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү каалай турганын билдирген.
Ал эми Касым-Жомарт Токаев жолдогон куттуктоосунда: "Кирип келе жаткан Жаңы 2026-жыл менен куттуктоомду кабыл алыңыз! Сизге кажыбас кайрат, үй-бүлөлүк бакубаттуулук жана боордош Кыргызстан элинин гүлдөп-өнүгүшүнө арналган жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди каалайм!",- деп айтылат.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















