super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаровду Жаңы жыл майрамы менен 5 кесиптеши куттуктады

 

Өлкө башчы Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктары Армениянын премьер-министри, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Азербайжандын, Беларустун президенттери куттукташты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын администрациясы билдирди.

Эмомали Рахмон Кыргызстан элине тынчтык, туруктуулук жана мындан ары туруктуу прогресс каалай турганын билдирип, быйыл эки өлкө ортосунда достукту өнүктүрүүгө жасалган кадамдар кубандырарын белгилеген.

Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровго ден соолук каалап, Жаңы жылда кыргыз элинде бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү болуусуна тилектештигин билдирген.

Илхам Алиев да Кыргызстан элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктаса, Александр Лукашенко быйыл беларус-кыргыз кызматташтыктыгы жаркын окуяларга бай болгонун айткан.

Ал эми Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын жолдогон куттуктоосунда: "Армения менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты жандандырууга жана өз ара пайдалуу алакаларды чыңдоого багытталган аракеттер Ереван менен Бишкектин ортосундагы мамилелердин 2026-жылы өнүгүшүнө, элибиздин өнүгүшүнө жана аймактык тилектештигине өбөлгө болот деген үмүттөмүн. Учурдан пайдаланып, сизге жана жакындарыңызга чың ден соолук жана келе жаткан жылда ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өсүүнү каалайм",- деп айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: